Кара бүлдүркөн

Википедия дан

Кара бүлдүркөн, ежевика (Rubus caesius) – атыр гүлдүүлөр тукумундагы бадалча. Сабагынын бийиктиги 1 мдей, майда тикендүү, жалбырагы үч ача, эки жагы тең бирдей жашыл, түктүү, жалбырак саптары майда тилкелүү. Гүлдөрү ак, мала кызыл. Гүл саптары тикендүү. Чөйчөкчөлөрү жашыл түктүү, мөмөсүнө жармашат. Мөмөсү – топтошкон жемиш, кара, кочкул кызыл түстө. 400дөн ашык түрү бар. Көбүнчө Европада, Түндүк Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 90 түрү, Кыргызстанда жапайы 1 түрү – суу жээгиндеги токойлордо таралган. Дары-дармек катары, ошондой эле жемиши, жалбырагы, түбү пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]